АК-ИЛБИРС наамы
Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу Федерациясынын Башкармалыгынын чечими менен бекитилген

ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу Федерациясынын «Ак-илбирс» ардактуу наамы жөнүндө


«Ак-илбирс» наамы нормативди аткарган адамга күбөлүк, төш белги жана эстелик статуэткасын тапшыруу менен ыйгарылат.

Стандарттын аткарылышын тастыктаган документтер Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу Федерациясына тапшырылат.

«Ак-илбирс» наамын ыйгаруу жөнүндө чечим КР ААЧФ Башкармалыгы тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү Протокол менен бекитилет.

Берилген «Ак-илбирс» наамдарынын эсебин Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы жүргүзөт.

«Ак-илбирс» наамын ыйгаруу стандарты Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан үч эң бийик чокуга чыгуу болуп саналат:
1. Жеңиш чокусу (7439 м)
2. Ленин чокусу (7134 м)
3. Хан-Теңири чокусу (7010 м)

«Ак-илбирс» ардактуу наамы Кыргыз Республикасынын альпинизм боюнча спорт чеберлигине талапкер спорттук наамды алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү үчүн негиз болуп саналат.

Ушул Жободо каралбаган маселелер боюнча чечимдерди КР ААЧФ Башкармалыгы кабыл алат.
Хан-Теңири, Николай Гладковдун фотосу
Ленин чокусу , Николай Гутниковдун фотосу
14.11.2022

Бардык сүрөттөр жана видеоматериалдар өз авторлоруна таандык жана mountaineeringkg.com сайтына көрсөтүү максатында гана берилген. Аларды коммерциялык долбоорлордо колдонууга болбойт.


Сайттагы сүрөттөрдөн башка бардык маалыматты сайтка шилтеме жасап, колдонсо болот.

Made on
Tilda