Логотип кантип жаралган?
Кадыр Батырканов
Графикалык дизайнер, музыкант жана өлкөдөгү эң ийгиликтүү Mozgami Branding Agency графикалык дизайн студиясынын негиздөөчүсү.

«Альпинизм федерациясынын жаңы логотибин тарттым.

Мен тоодо чоңойгом. Мен ар дайым тоолорду бизди эл катары калыптандырган негизги факторлордун бири деп эсептечүмүн. Мен үчүн алар ар дайым ыйык нерсе болуп келген. Ар дайым чыгармачылык, руханий жана физикалык күчүм тоолордо экенине ишенчүмүн. Мен адам менен тоонун ортосундагы карым-катыштын бардык процесстерине кызыгуу менен карап келем. Көрсө, менин досторумдун да тоолорго, кыргыз альпинизмине абдан жакын байланышы бар экен. Ал эми Эдуард Кубатов Эверестти багындырганын укканда, бул кабарга сүйүнүп, өлкөбүздүн, элибиздин өкүлү дүйнөнүн эң чокусуна чыкканына сыймыктандым. Бул мага зор шыктандыруу берип, чоң иштерди жасоомо абдан түрткү берди!

Жакында эле Эдуард Байке менен жакындан таанышып, өлкөбүздүн Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын жаңы логотибинин үстүндө иштей баштадык. Процесс абдан креативдүү, жеңил жана шыктандыруучу болду. Мен Федерация жөнүндө, жаңы пландары тууралуу көп нерселерди билдим. Бул долбоордун үстүндө иштөө мага өзгөчө кызыктуу, жагымдуу болду.

Эдуард байкеге ишеними үчүн абдан ыраазымын. Федерацияга жаңы бийиктиктерди жана ийгиликтерди каалайм!»
Логотип жөнүндө бир аз

Символдун негизин үч бурчтук түзөт. Эң туруктуу геометриялык фигура, байыркы кыргыз белгиси, көздү символдоштурган тумар, ал анын ээсин кыйынчылыктардан жана кырсыктардан сактайт.

Ортодо кыргыздардын ыйык символу болгон Хан-Теңири культтук чокусу, анын жанында жаныбарлар дүйнөсүнүн салттуу ыйык объектилерине таандык ак илбирстин элеси бар. Бул борбор шаарыбыздын жана биздин тоолордун символу гана эмес, мурдагы СССРдин аймагында жайгашкан бийик чокуларды багындырган альпинисттер үчүн ардактуу наам болуп эсептелет.

Бардык объектилерди бир белгиге бириктирип, Федерация спорттук уюм гана эмес, анын мүчөлөрүнүн, өлкөбүздүн ыйык символдорун сактоочулардын туруктуулугунун жана кайраттуулугунун көрсөткүчү деп айтабыз.

Бардык сүрөттөр жана видеоматериалдар өз авторлоруна таандык жана mountaineeringkg.com сайтына көрсөтүү максатында гана берилген. Аларды коммерциялык долбоорлордо колдонууга болбойт.


Сайттагы сүрөттөрдөн башка бардык маалыматты сайтка шилтеме жасап, колдонсо болот.

Made on
Tilda