Максаттар

© Andrey Erokhin

Кыргызстан тоолуу өлкө: аймактын 94%ы деңиз деңгээлинен 1000 метрден ашык бийиктикте, ал эми 41%га жакыны 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан.

Тоолорубуз биздин алмаштырылгыс табигый, маданий жана экономикалык байлыгыбыз.

Биз экономикалык жактан туруктуу өнүгүшүбүз жана өлкөбүздүн дүйнөгө таанылышы үчүн тоолордун потенциалын колдонушубуз керек.
Кыргызстандын тоо спортунун борбору болууга толук мүмкүнчүлүгү бар
Федерациянын максаттары
Альпинизмди өнүктүрүү
Бишкек, Ош, Каракол жана өлкөнүн башка аймактарындагы ири ЖОЖдордо жаңы альпинизм секцияларынын иштеши үчүн шарттарды түзүү жана аска дубалдарын куруу.

Олимпиадалык оюндарга катышуу

Спорттун Олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү жана аскага чыгуу жана ски-альпинизм боюнча жайкы жана кышкы Олимпиадаларга катышууга лицензия алуу.

Альпинисттик борборлор

Мамлекет жана өнөктөштөр менен биргеликте эл аралык альпинизм борборлорун жана лагерлерин реанимациялоо жана реконструкциялоо. Алар: Ачык-Таш, Каравшин, Баткен, Азия Патагониясы, Ала-Арча жаратылыш паркы, Түштүк жана Түндүк Эңилчек.

Сергек атаандаштык чөйрө

Аскага чыгуу жана башка тоо спорту боюнча альпинизм клубдарын жана коммерциялык борборлорду колдоо жана өнүктүрүү, атаандаштыкты колдоо.

Спорттук альпинизмди өнүктүрүү

Бишкекте жана өлкөбүздүн аймактарында спорттук аскага чыгууну өнүктүрүү. Аймактарда спорттук аскага чыгуу дубалдарын куруу.
Альпинизм боюнча КРнын курама командасы
Дүйнөнүн алдыңкы альпинисттик командалары менен атаандаша ала турган альпинизм боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасын түзүү.

Кыргызстандын альпинизми

Кыргыздын бийик-техникалык альпинизм мектебин сактоо жана өнүктүрүү, аны жайылтуу жана эл аралык жаңы деңгээлге чыгаруу.
Машыктыруучулар, инструкторлор, гиддер
Кесипкөй машыктыруучуларды, инструкторлорду жана гиддерди даярдоонун натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү системасын калыптандыруу.

Жоопкерчиликтүү керектөө

Жапайы жерлер катары жагымдуулугун, табигыйлыгын сактап, тоо спортторун жайылтуу.
Тоо коомчулугунун консолидациясы
Альпинизмден джип-турларга чейинки тоо спортторунун бардык түрлөрүн системалуу өнүктүрүү үчүн тоо коомдорун, ассоциацияларды жана клубдарды бириктирүү.

Билим берүү долбоорлору

Тоо иш-чараларын, тоо чөйрөсүн жана аны жоопкерчиликтүү пайдаланууну жакшыртуучу билим берүү демилгелерин, окутууну жана башка иш-чараларды колдоо.

Экологияга кам көрүү

Тоо экологиясын жакшыртуу жана зыян келтиргендерге каршы туруу боюнча демилгелерди колдоо жана түзүү.
Жергиликтүү жамааттарды колдоо
Жергиликтүү жамааттардын экологиясын, экономикасын жакшырткан жана тоолуу аймактардын жана ал жерде болуу тажрыйбасын өркүндөтүүчү объектилерди жана кызматтарды өнүктүрүүгө дем берүү.
Кызматташтык
Альпинисттер, өкмөт, жергиликтүү бийлик, жер ээлери жана башка негизги кызыкдар тараптар менен тыгыз иштешүү.
Экология жана бизнес
Тоо кыркаларында бизнес жүргүзүүдө эң мыкты эл аралык экологиялык стандарттарды изилдөө жана ишке ашыруу боюнча долбоорлорду колдоо.
бизди колдоңуздар

© Nikolay Gladkov

Адамдын негизги укугу – бул аяр экологиялык тең салмактуулукту бузбастан, жаратылыштан ырахат алуу деп эсептейбиз.

Федерациянын максаттарын эске алсаңыз, анда Кыргызстандын тоолуу инфраструктурасы өнүккөн, экономикалык жактан рентабелдүү, экологиябызды сактап калууга мүмкүндүк берген өлкө катары позициясын көрөсүз.
Бизди кантип колдой аласыз?
Мүчөлүк
Федерациянын курамына кирип, анын өнуүгүшүнө таасир бериңиз!
Ыктыярчылык
Волонтерлор башкарган федерация!
Иш-чараларды волонтерлор алып барышат, instagramды волонтерлор башкарат, бул сайтты волонтерлор түзгөн.
Биз Кыргызстандын тоолоруна сүйгөн ыктыярчылардын коомубуз!
Иш-чараны уюштуруу
Эгерде сизде биздин максаттарыбызга дал келген иш-чараларды уюштуруу идеясы болсо, анда биз сизди сөзсүз колдойбуз!
Өнөктөштүк, демөөрчүлүк
Өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү боюнча бизде чоң тажрыйба бар. Жазыңыз, талкуулайбыз.
Кайрымдуулук
Бардык каражаттар ак илбирсти (Федерациянын жана өлкөнүн символу) жайылтууга колдоо көрсөтүүнү уюштурууга, базалык лагерлерди жана эл көп барган тоо каттамдарын тазалоого жумшалат.
биздин кыялыбыз бар: Кыргызстан өзүнүн тоолорун жана жапайы жерлерин коргойт жана сактайт, тоолорду жоопкерчиликтүү пайдаланууга чакырат.

© Sergei Kidryasov

Экология – ар бир адамдын жоопкерчилиги
Жаратылышты, өлкөбүздү сүйгөн адамдардын демилгелеринин аркасында жаратылышыбызды сактоого ар бир адам салым кошо ала турган долбоорлор бар. Кошулуңуздар!
Адамдын негизги укугу – аяр экологиялык тең салмактуулукту бузбастан жаратылыштан ырахат алуу

© Vlad Ushakov

Бардык сүрөттөр жана видеоматериалдар өз авторлоруна таандык жана mountaineeringkg.com сайтына көрсөтүү максатында гана берилген. Аларды коммерциялык долбоорлордо колдонууга болбойт.


Сайттагы сүрөттөрдөн башка бардык маалыматты сайтка шилтеме жасап, колдонсо болот.

Made on
Tilda