федерация жөнүндө

© Nikolay Gladkov

Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана Аскага чыгуу федерациясы Кыргызстанда жашаган же биздин тоолорубузду сүйгөн альпинисттердин, аскага чыгуучулардын, лыжачы-альпинисттердин, скайраннерлердин жана тоодо сейилдөөнү сүйгөндөрдүн кызыкчылыктарын коргоп, өлкөдөгү тоо спортунун бардык түрлөрүн колдоо жана жайылтуу боюнча иш алып барат.
Биздин миссиябыз
Илим-билимдин башаты болуп, адамдарды альпинизмдин, аскага чыгуунун, скайраннингдин, лыжа турларынын жана Кыргызстандын уникалдуу тоолорунда жөө сейилдөөнүн артыкчылыктарынан ырахат алууга дем берүү жана шыктандыруу.

© Meder Myrzaev

Биз тоолорго чыгуучуларга коопсуздукту, өзүнө болгон ишенимди жана тоолорубуздан ырахат алууну жайылтуу үчүн тренингдерди жана маалыматтарды сунуштайбыз. Спорттук мелдештерди, иш-чараларды, жергиликтүү жана чет жерлерде чокуларга чыгуу экспедицияларын уюштурабыз. Биз ошондой эле Кыргызстандын тоолорун коргоо жана ал тоолорго чыгуу укугун коргоо боюнча кампанияларды жүргүзөбүз.

Биздин каржылообуз мүчөлүк акылардын, башкармалыктын, өнөктөштөрдүн жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен болот. Биз ошондой эле тоо коопсуздугу, тоо билими, альпинизмди, аскага чыгууну жана башка тоо иш-чараларын өнүктүрүү жана жайылтуудагы коомчулуктун демилгелерин жана кызматтарын колдогон бардык кызыкдар тараптардын иш-аракеттерин кубаттайбыз.
Альпинизм – бул оор чечимдердин спорту. Тоодо куру сөздөргө жамынууга болбойт, бул жерде иш гана бааланат.

Ф.М. Свешников

© Nikolay Gladkov

Федерациянын максаттары
  • Кыргызстандагы бийик тоолуу техникалык альпинизм мектебин сактоо жана өнүктүрүү, аны жайылтуу жана эл аралык жаңы деңгээлге чыгаруу.
  • Спорттун олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү, аскага чыгуу жана ски-альпинизм боюнча жайкы жана кышкы Олимпиадаларга катышууга лицензия алуу.
  • Бишкек, Ош, Каракол жана республиканын башка аймактарындагы ири ЖОЖдордо жаңы альпинизм секцияларынын иштеши үчүн шарттарды түзүү жана скалодром - аска дубалдарын куруу.

© Azim Toktogulov

Федерациянын жетишкендиктери
  • Манаслу чокусуна Кыргызстандын биринчи улуттук экспедициясы
    Гималайдагы биринчи кыргыз экспедициясы ийгиликтүү ишке ашты!

    Экспедициянын бардык алты мучөсү аба ырайынын татаал шарттарында 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусуна чыгышты. Кененирээк бул жерден таанышыңыз
  • «Ак-илбирс» наамы
    «Ак-илбирс» наамы Кыргызстандын аймагындагы эң бийик үч чокуга чыккан альпинисттерге ыйгарылат
  • Бишкекте эталондук олимпиадалык трассалар менен аскага чыгуучу дубалдын курулушу
    2023-жылдын март айында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын улуттук командасын даярдоо жана аскага чыгуу мектебин даярдоо үчүн аска дубал курулат
  • Федерациянын ишмердүүлүгү Олимпиадалык хартиянын талаптарына ылайык келтирилген
  • Улуттук Олимпиада Комитетинин расмий мүчөсү болуп эсептелет
  • Эл аралык глобалдык адистештирилген федерациялардын мүчөсү: альпинизм, скайраннинг, аскага чыгуу жана ски-альпинизм
    Бул мүчөлүк бизди эл аралык глобалдык системанын бир бөлүгү кылып, бул системанын бардык артыкчылыктарын жана ресурстарын колдонууга мүмкүнчүлүк берет
Биздин команда
Биздин команда

© Eduard Kubatov

Бизди тоолорго, спортко, Кыргызстанга болгон сүйүү бириктирип турат
  • Эдуард Кубатов
    Президент
    2022-жылдын февралында Федерациянын президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын жана Улуттук Олимпиада комитетинин жогорку спорттук сыйлыгы – Алтын ордендин ээси.

    Менин көп жылдык илимий-изилдөө жана ишкердик ишмердүүлүгүм Азиянын эң чоң тоо кыркалары: Ала-Тоо (Тянь-Шань), Памир, Кохи-Сафед, Гиндукуш жана Түндүк Американын Кордильералары менен тыгыз байланыштуу. Мунун баары альпинизм жана тоо лыжа жаатында спорттук ышкыбоздуктун пайда болушуна негиз салган. Менин спорттук кызыгуум Американын, Европанын, Африканын, Кавказдын, Борбордук Азиянын, Тибеттин жана Гималайдын эң бийик чокуларына чыгууга жеткирди.

    “Snow Leopard”, “7 Summits”, “Q14” (Дүйнөнүн 14 сегиз миңдиктин баарына чыккан Жер таажысы) сыяктуу альпинизм боюнча эл аралык глобалдык программалардын мүчөсү болуу менен мен Федерацияда тоо спортунун бардык түрлөрүн өнүктүрүү үчүн зарыл болгон чоң альпинисттик жана башкаруучулук тажрыйбага ээ болдум.

    Дүйнөнүн эбегейсиз бийик чокулары Эверест жана Манаслуну ийгиликтүү багындыруу, андан кийинки коомчулуктун кеңири көңүл буруусу биздин альпинизмди Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөгө таанытуу процесстеринин башталышына негиз болду.

    Федерациянын жетекчиси катары мен өзүмө альпинизмди өнүктүрүүгө гана эмес, заманбап спорттук инфраструктураны, жаңы секцияларды түзүүгө, тоодо жана олимпиадалык спорт түрлөрүндө экологияны сактоого, аскага чыгууга багытталган стратегиялык артыкчылыктарды аныктап, алдыга максат кылып койдум.

    Мен бул иштер Кыргызстанды тоо ишмердүүлүгүнүн жана туризмдин бардык түрлөрү боюнча дүйнөгө кызыктыруучу өлкө катары таанытууга чоң салым кошот деп ишенем.
  • Сергей Селиверстов
    1-вице-президент, КРнын альпинизм боюнча башкы машыктыруучусу
    Сергей Селиверстов жашоосун тоолорсуз элестете албайт, анын жетишкендиктери мунун ачык далили болуп саналат: «Снежный Барс», «Зимний Снежный Барс», «RedFoxAsia» командасынын капитаны, жети миңдикти 25 жолу багындырган, анын ичинде 5 кышкы, 2 кислородсуз Гималайдагы сегиз миңдикке чыккан. Кыйынчылык категориясындагы 3Вдан 6Ага чейинки 13 жолу биринчи көтөрүлүү, анын ичинде лидер катары альпинизм боюнча дүйнөлүк кубоктун жеңүүчүсү, альпинизм боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, 2-категориядагы инструктор, IFMGA сертификаты бар тоо гиди, куткаруучу. 5А жана андан жогору кыйынчылык категориясындагы маршруттар боюнча 80ден ашык жолу көтөрүлгөн.
  • Марина Гальцова
    Аскага чыгуу боюнча вице-президент
    Тоого жана экстремалдык спортко болгон кызыгуум мектептеги «Жаш туристтер» ийриминде окуп жүргөн кезимде эле пайда болгон. Классташтар менен тоолорго саякатка чыгып, туризм, спорттук ориентирлөө боюнча мелдештерге катышып, Кыргызстандын тарыхый эстеликтери менен таанышканбыз.
    Мектеп туризми акырындап альпинизмге жана спорттук аскага чыгууга айланды.

    Аскага чыгуу менин жашоомдун маңызы болуп калды. Мен 1991-жылдан бери машыктыруучумун. Мен спортчуларды түздөн-түз даярдоо менен гана чектелбестен, Кыргызстанда аскага чыгууну өнүктүрүү - аскага чыгуу боюнча ар кандай документтерди иштеп чыгуу, аскага чыгуучу дубалдарды куруу, мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү, машыктыруучулар жана калыстар үчүн семинарларды өткөрүү менен алектенем.

    Бош убактымда сүрөт тартам, лыжа, коньки тебем.
    Аскага чыгуу боюнча СССРдин спорт чеберине талапкер, Кыргызстандын аскага чыгуу боюнча улук машыктыруучусу.
  • Андрей Ерохин
    КРнын альпинизм боюнча курамасынын вице-капитаны
    Ата-энемдин айтуусу боюнча, кичине кезимден эле тынчым жок, тентек болгон экем, айланадагы бардык үйлөрдүн чатырларына чыгып, жер төлөөлөргө түшүп, бала бакчадан бир нече жолу үйгө качып, бир орунда көпкө отура алчу эмес экенмин. 19 жашымда М. Б. Гальцованын жетекчилиги астындагы аскага чыгуу секциясына келдим.

    Алгач тоого чыкканда мен кемпингдин романтикасын күткөн элем, бирок анын ордуна күнүнө 35 кг рюкзакты жонго көтөрүп алып, 20 чакырым басууга туура келди. Бирок, ошого карабастан мен Тянь-Шандын асман тиреген тоолорун карап суктандым. Түштүк Эңилчектин базалык лагерине жетип, алгач Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларын көрдүм. Бул чокулардан түшүп келе жаткан альпинисттер согуш талаасынан чарчап кайткандай көрүнсө да, көздөрүнөн кубаныч жаркырап турду. Кечинде алардын аңгемелерин, алган таасирлерин угуп, альпинизмдин рухуна, ырахатына ого бетер азгырылдым.

    Спорттук наамдары: аскага чыгуу жана альпинизм боюнча спорт чеберлигине таалапкер, “Снежный Барс”, альпинизм боюнча 2020-жылдагы Дүйнө Кубогунун чемпиону, 2016-жылы альпинизм боюнча Дүйнө Чемпионатында 5-орун, IFMGA Эл аралык тоо гиди, альпинизм боюнча 3-категориядагы инструктор, кыйынчылыктын 4-6-категориясындагы 60тан ашык чыгуу, 4 биринчи жолку чыгуу, 8000 м бийиктикке 1 жолу кислородсуз чыгуу.
  • Кадыракун Нурмаматов
    Өнүктүрүү боюнча вице-президент
    Тоолуу жерде төрөлүп, кичине кезден тоонун сулуулугун, улуулугун билип чоңойгон. Мекенине болгон сүйүүсү жана бизнестеги жетишкендиктери менен айыл жаштарына жакшы таанылып, таланттуу балдарды каржылап, аларга мотиватор болуп келет.

    25 жылдык тажрыйбасы бар таланттуу бизнесмен, өлкөдөгү эң алдыңкы технологиялык курулуш компаниялардын бири Integra компаниясынын жетекчиси катары бай тажрыйбасы Федерациянын долбоорлорун ийгиликтүү өнүктүрүүгө жардам берүүдө.
  • Илим Карыпбеков
    PR, коммуникациялар жана эл аралык долбоорлор боюнча вице-президент
    Кыргызстандагы маанилүү коомдук маселелерди өзүнүн оригиналдуу стилинде чагылдырган эң ири, көрүнүктүү медиа инсан. Анын маалымат берүүдө адаттан тыш ыкмасы жана тоолорго болгон сүйүүсү Федерациянын максаттарына жетүүгө чоң жардам берүүдө. Ошондой эле, анын «Манас» аэропортунун президенти, КТРК жана Megacom компанияларынын директору катары тажрыйбалары процесстерди пайдалуу жол менен түзүүгө жардам берет.

    Памирдин, Ала-Тоонун, Тянь-Шандын, Гималайдын алты, жети жана сегиз миңдик бийиктиктерин багындырган.
  • Керим Актаев
    Башкы катчы
    Таланттуу машыктыруучу, «Снежный Барс», альпинизм боюнча 1-разряддагы гид, KMGAнын аспиранты, альпинизм боюнча инструктор. Ал 1998-жылы тоолорго кызыгып, тоо туристинен баштап, бүгүнкү күндө чын жүрөгү, каалоосу менен альпинисттердин жаңы муунун тарбиялап келүүдө.

    Спорт ведомствосу жана өлкөнүн башка федерациялары менен өз ара аракеттенүүдөгү негизги фигура. Анын тажрыйбасы жана альпинизм коомчулугуна активдүү катышуусу баа жеткис жана Федерациянын институционалдык эс тутуму болуп саналат.
  • Насиба Эшмурадова
    Федерациянын кеңешчиси
    Федерациянын кеңешчиси – юридикалык камсыздоо, бухгалтердик эсеп, эл аралык федерациялар менен байланыш, Эл аралык олимпиада комитети, мамлекеттик органдар менен байланышуу жаатында иш алып барат.
Биз менен каалаган ыңгайлуу жол менен байланышыңыз. Биздин эшигибиз ар дайым жаңы идеяларга жана чоң иштерге ачык.
E-mail: federation@mountaineeringkg.com  

Instagram

Бардык сүрөттөр жана видеоматериалдар өз авторлоруна таандык жана mountaineeringkg.com сайтына көрсөтүү максатында гана берилген. Аларды коммерциялык долбоорлордо колдонууга болбойт.


Сайттагы сүрөттөрдөн башка бардык маалыматты сайтка шилтеме жасап, колдонсо болот.

Made on
Tilda