экология
Биздин кыялыбыз бар: Кыргызстан өзүнүн тоолорун жана жапайы жерлерин коргойт жана сактайт, тоолорду жоопкерчиликтүү пайдаланууга чакырат.

© Vlad Ushakov

Кыргызстан бүткүл дүйнөгө өзүнүн тоолору жана жапайы табияты менен белгилүү. Алар биздин улуттук, маданий, экологиялык жана тарыхый өзгөчөлүгүбүздүн негизи болуп саналат.
Технологиянын өнүгүшү менен табият барган сайын зыяратчыларды өзүнө тартууда. Кээ бирлер кооз жана бузулбаган жерде эс алганы келишсе, башкалары сейилдөө, тоого чыгуу, чуркоо, велосипед же лыжа тебүү үчүн келишет. Ошондой эле көпчүлүгү жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн кооз түрлөрүн көргүлөрү келишет.

Кыргызстандын тоолуу ландшафты жана жапайы жерлери – чың ден соолукту, мыкты физикалык форманы камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрдү берген, ошондой эле туруктуу, сапаттуу жумуш менен камсыз кыла турган укмуштуудай, адам колу тийбеген жерлер. Биз бул аймактарга көбүрөөк адамдарды тартуунун артыкчылыктарын билебиз, ошол эле учурда алардын жапайы көрүнүшүн, табигый кооздугун сактайбыз.

Жапайы жерлер жоголсо, алар биротоло жок болот. Биздин тоолуу ландшафттарга кам көрүү, алардын баштапкы табигыйлыгын сактоо зарыл.

Альпинизм жана башка тоо спорттору популярдуу болуп баратат. Мунун кесепети да бар. Биз тоо чөйрөсүн башкарууга жардам берүү үчүн башка уюмдар менен иштешүүнү каалайбыз, муну менен рекреациялык пайданы максималдаштырып, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууну көздөйбүз.
Экология – ар бир адамдын жоопкерчилиги
Жаратылышты, өлкөбүздү сүйгөн адамдардын демилгелеринин аркасында жаратылышыбызды сактоого ар бир адам салым кошо ала турган долбоорлор бар. Кошулуңуздар!
Ленин, Хан-Теңири чокуларында жана Аксай мөңгү зонасында бийик тоолуу лагерлерди тазалоо боюнча Кыргызстандын Альпинизм Федерациясынын демилгеси.
ecostan.kg

«Экостан» жарандык кыймылы экологиялык абалды жакшыртууну колдойт! Кайталангыс жаратылышыбызды сактап калуу үчүн биригели!

ilbirs.pro
Германиядан келген адистин ырастоосунда, мындан 10 жыл мурун эле Кыргызстан өзүнүн кичинекей аймагы менен ак илбирстердин саны боюнча дүйнөдө эбегейсиз Кытайдан кийинки 2-орунда турган. Азыр абал начарлап кетти.
ecomap.kg

Экологиялык окуялар картасы экологиялык терс окуяларды чогултат жана чагылдырат.

movegreen.kg
Абанын булганышына жана анын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген кесепеттерине каршы күрөшүүчү экологиялык уюм.
aq.kg
AQ.kg мобилдик тиркемеси Кыргызстандын тургундарына реалдуу убакыт режиминде абанын сапаты тууралуу маалымат берет.
Air Quality Central Asia
Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абанын булганышы боюнча көйгөйдү чечүү үчүн жарандык коомдун мүчөлөрү, илимий жана академиялык коомчулуктар, ЖМКлар жана мамлекеттик органдардын ортосунда байланышты түзүү.
archain.kg
Кыргызстандын жашыл аймактарын, анын ичинде ботаникалык бактарды, парктарды, скверлерди жана башка жашыл аймактарды сактоо, кеңейтүү жана сапатын жакшыртуу.
peshcom.org
Бишкекте жөө жүрүү адатын калыптандыруу, велосипед инфраструктурасын жана коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча жарандык демилге.
biom.kg
Коммерциялык эмес уюм Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө катышкан жаш адистерди, окумуштууларды жана лидерлерди бириктирет.
Адамдын негизги укугу – аяр экологиялык тең салмактуулукту бузбастан жаратылыштан ырахат алуу.

© Vlad Ushakov

Ленин чокусунда, Хан-Теңириде, Аксай мөңгү зонасында жана массалык тоо каттамдарында бийик тоолуу лагерлерди тазалоо боюнча Кыргызстандын Альпинизм Федерациясынын демилгеси.
Жапайы жаратылыш – бул формалдуу эмес эс алууну, туризмди, ден соолукту жана бакубатчылыкты өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн теңдешсиз мүмкүнчүлүктөрдү берген өзгөчө ресурс.

Өзгөрүүлөр биздин жапайы жерлерди жана тоолорду кичирейтпей, жакшырта тургандай пландалып, башкарылышы керек. Мыйзамсыз курулуштарды жана таштандыларды көмүүчү жайлардын пайда болушун токтотуу Кыргызстандын жаратылыш мурасын, жапайы жаратылышын сактап, маданиятын жана дүйнөлүк туристтик аймак, жашоого ылайыктуу жер катары аброюн коргойт.

Тоолорго эркин жетүү, ошол эле мезгилде жоопкерчилик: тоолор эч кимге “таандык эмес”. Алар гармонияда жана бири-бирин урматтоо менен колдонулуучу тирүү жандыктардын жашоо аймагы жана чөйрөсү болушу керек.
Учурда биз тоолорду таштандыдан тазалоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу стадиясында турабыз. Бирок алгачкы экологиялык миссия Ленин жана Хан-Теңири чокуларынын базалык жана бийик тоолуу лагерлерине экспедицияларды уюштуруу, аларды чогултуу, түшүрүү жана утилизациялоо болот. Максат – альпинизм жолдорун пластик жана химиялык элементтерден тазалоо.

Тоолордогу экологиялык көйгөйлөргө көңүлдү бурдуруп, маанисин жогорулатуу үчүн экологиялык долбоорлорго жоопкерчиликтүү жана камкор ыктыярчылар, бизнес-өнөктөштөр, ЖМКлар, үлкөн медиа-персоналар керек.

Тоо системаларын жана ресурстарын жоопкерчиликтүү пайдалануу боюнча билим берүү жана маалыматтык долбоорлор дагы маанилүү.

Биз өнөктөштөрдү, ыктыярчыларды жана Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун кайра калыбына келтирүүгө жардам берүүнү каалагандарды издейбиз. Идеяларыңыздарды federation@mountaineeringkg.com дареги боюнча күтөбүз.

Бардык сүрөттөр жана видеоматериалдар өз авторлоруна таандык жана mountaineeringkg.com сайтына көрсөтүү максатында гана берилген. Аларды коммерциялык долбоорлордо колдонууга болбойт.


Сайттагы сүрөттөрдөн башка бардык маалыматты сайтка шилтеме жасап, колдонсо болот.

Made on
Tilda