Альпинизм

© Nursultan Attokurov

Кыргызстандагы альпинизм
Эдуард Кубатов, Альпинизм жана Аскага Чыгуу Федерациясынын президенти
Жаңы жана күчтүү команда түзүлдү. Алдыда жаңы максаттар турат! Жаңы ченемдик-укуктук база, олимпиадалык аска дубалы, инвестиция жана эл аралык альпинизм лагерлерин реанимациялоо, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында окуу секцияларын жана инструктордук мектептерди түзүү! “Кыргыз ак илбирси” жаңы улуттук долбоорун жана улуттук Гималай экспедициясын ишке ашыруу!
КРдагы альпинизм мүмкүнчүлүктөрү
Манаслу чокусуна улуттук экспедиция
Эмнеге альпинимзди тандашат?
Кайдан билим алса болот?
Разряддык талаптар
Олимпиадалык спорттун түрү
Кыргызстандагы альпинизм
Кыргызстандын 94% аймагын тоолор түзөт. Бул жерде укмуштуудай аска-зоолор, мөңгүлөр жана тоо кыркалары көп. Ал эми альпинизм менен жыл бою машыгууга болот.

Ала-Арча 50-жылдары эле альпинисттер үчүн Кавказдан кийинки экинчи маанилүү жерге айланды. Ал эми бүгүнкү күндө Ала-Арча тоо лагери башталгыч жана тажрыйбалуу альпинисттер арасында эң белгилүү жайлардын бири. Бул жерде ар кайсы өлкөнүн альпинисттери жыл бою саякатташат. Мунун баары бул жерде эки шарт ийгиликтүү айкалышкандыктан – лагерден жөө басуу аркылуу каалаган деңгээлдеги инфраструктуранын жана тоо каттамдарына жетүүгө мүмкүн болгондугу.
Бишкектен 40 чакырым автоунаа жолу менен жүрүп, андан ары 6 чакырым жөө жүрсөң эле, керектүү жерге жетесиң.

© Nursultan Attokurov

"Бардык деңгээл үчүн эң мыкты аймак. Мени бир жактуу болуп атат деп айта турган болсоңуз, кимдир бирөө мындан башка машыгуучу жайлардын базалык лагерге жакыныраак болгон жерди көрсөткөндө гана оюму өзгөртөм! Кыска жолдор, ар түрдүү маршруттар ушул жерде гана бар"

Дмитрий Павленко, альпинизм боюнча эл аралык класстагы спорт чебери
Чоң тоолорго чыгууну каалагандар үчүн бизде 3 жети миңдик бар – Ленин чокусу (7134 м), Жеңиш чокусу (7439 м) жана Хан-Теңири чокусу (7010 м). Ленин чокусу альпинизмге чыгуу үчүн дүйнөдөгү эң жеткиликтүү жети миңдик чокулардын бири, популярдуулугу боюнча дүйнөлүк беш чокулардын бири, ал эми анын базалык лагери – Ачык-Таш – чокулардын арасында инфраструктуралык жеткиликтүүлүгү жагынан эң ыңгайлуу бийиктик болуп саналат. Мына ушул себептен Ленин чокусуна чыгуу башталгыч альпинисттер арасында абдан популярдуу.
манаслу

Гималайдагы биринчи кыргыз экспедициясы ийгиликтүү ишке ашты!


Экспедициянын бардык алты мучөсү аба ырайынын татаал шарттарында 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусуна чыгышты. Кененирээк бул жерден таанышыңыз

эмне үчүн?

© Nikolai Gutnik 

"Эмне үчүн муну кылып жатасыңар?" - бул альпинисттерге эң көп берилген суроо болсо керек. Көрүнүктүү альпинист Анатолий Букреев: “Тоолор менин амбициямды канааттандырган стадиондор эмес, алар мен динди карманган соборлор” деп айткан.

Альпинизм – бул экстремалдуу спорт эмес, жашоо образы. Ал адреналин менен эмес, ар бир адам башынан өткөргөн процесс менен өзүнө тартат, анда байкатпай куулук кылганга, алдаганга болбойт. Валерий Шматковдун ырында абдан так ырдалган:

"Тоолордо ички дүйнөбүз өзү эле ачылат,

Бизден сырткары, бирок башкалардын көз алдында"


Экстремалдуу кырдаалда маскаларга – жасалмалуулукка убакыт жок, эч нерсени жашыра албайсың. Анда адамдын мүнөзү алаканга салгандай көрүнүп турат. Тоолордо альпинист биринчи кезекте өзүн тааныйт, өзүн өтө кыска убакыттын ичинде башка өңүттө тааный алат. Учурдагы “түшүнгөндүк” деген сөз бийиктикке чыгуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет, анткени андан жашоо көз каранды.
бир максат
бир команда
Аскага чыгууну тездетилген режимдеги жашоонун демо версиясы деп атоого болот. Сизде максат бар, ага жетүү үчүн өнөктөш, команда издеп жатасыз. Ал эми бул альпинисттер айткандай, интимдик процесс. Сиз өнөктөшүңүзгө ишенип, жашооңуздагы эң оор кырдаалдарда ага таянасыз. А эгер шаар турмушунда кичинекей калп оңой эле унутулуп калса, тоодо аны жашыра албайсыз жана ал өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Бирок, "өзүңүздүн" адамыңызды тапканыңызда, ар бир бийиктикке чыгуу өзүнчө бир жашоого айланат. А сизди болсо сулуулук, тоонун жагымдуу абасы, жаныңызда жан дүйнөңүзгө жакын, максаттары да бир адамдар курчап алат.
Кайдан билим алса болот?
Бишкек шаарындагы Олимпиадалык резервдер мектебинин алдындагы СКИФ-Политех альпинизм жана аскага чыгуу секциясы.
Башкы машыктыруучу – С.Селиверстов
Машыктыруучулар: К.Актаев, И.Моськин, А.Потоцкий
WhatsApp: +996 555 221 679
Д.Павленко жана С.Великанованын жетекчилигиндеги КР Туризм академиясынын альпинизм мектеби
Маалымат үчүн: +996 705 300 034,
velikanovamountain@gmail.com
Тоо гиддерин даярдоо боюнча жарым жылдык жана жылдык курстар (машыктыруучу С.Великанованын автордук программасы)
Маалымат үчүн: +996 705 300 034, velikanovamountain@gmail.com
New Ala Archa Альпинизм мектеби
Д.Павленко жана С.Великанованын жетекчилигиндеги КРСУнун алдындагы Альпинизм мектеби
Маалымат үчүн: +996 705 300 034, velikanovamountain@gmail.com
Э.Глазуновдун жетекчилиги астында альпинизм боюнча Кыргыз Республикасынын Жаштар курама командасынын жогорку окуу жайы
Маалымат үчүн: +996 770 402 216
А.Потоцкийдин жетекчилиги астында альпинисттерди даярдоо жеке окуу курстары (альпинизм боюнча спорт чеберине талапкер, куткаруу отрядынын жетону, II категориядагы инструктор, KMGA альпинизм гиди, IFMGA аспирантура гиди)
Маалымат үчүн: +996 222 600 434
WhatsApp: +996 705 600 434
А.Мороздун жетекчилиги астында альпинисттерди даярдоонун жеке индивидуалдык курстары.
Маалымат үчүн: +995 591 71 01 17
Telegram: https://t.me/morozmountains
Newclimb.pro сайтындагы альпинисттер үчүн жеке окуу курстары.
разряддык талаптар

© Sergei Kidryasov

Альпинизм разряддык талаптар

Эркектер жана аялдар



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН СПОРТ ЧЕБЕРИ
Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана Аскага Чыгуу федерациясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасында альпинизмди жана аскага чыгууну өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн, ошондой эле «Q-14» программасын ишке ашыруу (бардык 14 сегиз миң бийиктикти багындыруу) же «Кышкы Ак Илбирс» наамын алгандыгы үчүн.


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК КЛАССТАГЫ СПОРТ ЧЕБЕРИ
Командалар КТРдин 5Б-6-маршруттарынан өтүү шарты менен 5 мамлекеттен кем эмес командалар катышкан эл аралык мелдештерде 1-орунду алуу.


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СПОРТ ЧЕБЕРИ
Орундарга ээ болуу:
  • Республиканын чемпионатында 5Б – 6 КТР маршруту боюнча өткөн командалардын шартында 1-орун;
  • же 5Б – 6 КТР маршруттарынан өткөн командалар 3төн кем эмес өлкөнүн командалары катышкан эл аралык мелдештерде 1-3-орун;
ошондой эле чокуларга чыгуу:
  • эркектер: 6А – 1, 6Б – 1;
  • аялдар: 5Б – 1, 6А – 1.


СПОРТ ЧЕБЕРЛИГИНЕ ТАЛАПКЕР
"Ак-Илбирс" программасын аткаруу (жабык 1-спорт разрядынын шарты менен) же бийиктикти багындыруу:
  • эркектер: 5А – 1, 5Ар – 1, 5Ад – 1, 5Б – 2, 6А – 1;
  • аялдар: 5А – 1, 5Ад – 1, 5Б – 1.


I РАЗРЯД:
  • СС программасы боюнча окуу курсунан өтүү;
  • Жуптардын өздөрүн куткаруулары (эки адамдан турган командада биринчи көтөрүлүү алдындагы сыноо);
  • Кыйынчылыктын 5А категориясына чыгуу үчүн экзамен тапшыруу;
  • Бийиктикке чыгуу:
эркектер: 4А – 1, 4Аз – 1, 4Ар – 1, 4Ад – 1, 4Б – 2, 5А – 1;
аялдар: 4А – 3, 4Б – 2, 5А – 1, 3Ар – 1.


II РАЗРЯД
  • СП-1, СП-2 программалары боюнча окуу курсунан өтүү;
  • Медицина (лекциялардын курсу, зачёт);
  • Чакан топто куткаруу (зачёт);
  • Чыгуу: 3А – 3, 3Б – 2, 2А(же 2Б)р – 1.


III РАЗРЯД
  • НП-2 программасы боюнча окуу курсу;
  • Колдогу каражаттардын жардамы менен куткаруу (зачёт).
  • Чыгуу: 1В - 1, 2А - 2, 2Б - 1+1 контролдук (2В өз алдынча машыгуу жана альпинизм маршруту, инструктор катардагы катышуучу катары катышат).


НААМ (ТӨШ БЕЛГИ) «Кыргызстандын альпинисти»
  • НП-1 программасы боюнча окуу курсу;
  • Чыгуу: 1Б – 1.


Эскертүү:
"КТР" – кыйынчылык категориясы.
"D" – экиден чыгуу.
"С" - инструкторсуз, өз алдынча көтөрүлүү.
"З" – кышкы.
"НП" – баштапкы даярдык.
"СП" – спорттук даярдык.
"СС" – спорттук өркүндөтүү.



Разряддык талаптарды аткаруу үчүн шарттар


1. Спорттук наамдарды жана наамдарды ыйгаруу үчүн КТВГга кирген маршруттар гана кабыл алынат, мында аскага чыгуулар катталган иш-чаралардын алкагында жасалган жана "Тоого чыгуунун эрежелери" сакталышы зарыл.

2. Эгерде КТВГда маршруттар бир пунктка бириктирилсе, эсепке спорттук разряддарды жана наамдарды чегерүүнүн бирөөсү кабыл алынат.

3. Категорияны ырастоо үчүн кийинки эки жылдын ичинде төмөнкү кыйынчылык категорияларынан өтүү:
КМС – 5Б; I разряд – 4Б; II разряд – 3Б; III разряд – 2Б.

4. "Тоого чыгуунун эрежелерин" бузуу менен жасалган чыгуулар, соло-чыгуулар эсепке алынбайт.
Ски-альпинизмди Милан 2026 кышкы Олимпиада оюндарынын программасына киргизишкен

© Getty Images 2020

Ски-альпинизм тез өнүгүп келе жаткан кышкы спорттун түрү. Бул өзгөчө Европада популярдуу, бирок акыркы жылдары лыжа менен альпинизм профессионалдык да, ышкыбоздук да деңгээлде дүйнө жүзүндө популярдуу болуп баратат.

Милан 2026 программасына ски-альпинизмин киргизүү төмөнкүлөрдү билдирет:

+ беш жаңы медалдык мелдеш: эки эркектер арасындагы мелдеш (спринт/жеке), эки аялдар арасындагы мелдеш (спринт/жеке) жана бир аралаш эстафета.

+ жалпы 2900 адамдык квотанын алкагында (24 эркек/24 аял) 48 спортчуга квота.

Биздин федерация Кыргызстанда ски-альпинизмин өнүктүрүүнү пландап жатат. Мындагы максаттардын бири – спортчуларды кышкы Олимпиадага даярдоо болуп эсептелет.

Бардык сүрөттөр жана видеоматериалдар өз авторлоруна таандык жана mountaineeringkg.com сайтына көрсөтүү максатында гана берилген. Аларды коммерциялык долбоорлордо колдонууга болбойт.


Сайттагы сүрөттөрдөн башка бардык маалыматты сайтка шилтеме жасап, колдонсо болот.

Made on
Tilda