Кыргыз Республикасынын биринчи экспедициясы Гималайдагы Манаслу чокусунда
Манаслу (8 163 метр) – Гималайдагы тоо, дүйнөдөгү 8 миңдиктин бийиктик боюнча сегизинчиси.
“Гималайга болгон биринчи кыргыз экспедициясы БУУнун 2022-жылды – “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоосунун алкагында ишке ашырылды.

Экспедицияга чыгаар алдында, 2022-жылдын 06-сентябрында өткөн пресс-конференцияда команданын мүчөлөрү бийиктикти багынтуу боюнча даярдыктарын жана максаттарын айтып беришти”.
«Манаслу долбоору – бул көрүнүктүү кесипкөй альпинисттерден жана чоң тажрыйбасы бар альпинизм сүйүүчүлөрдөн турган Кыргызстандын курама командасы. Команданын курамында «Манаслу-2022» долбоорунун жетекчиси Кадыр Нурмаматов, Илим Карыпбеков, Азизбек Омуркулов, альпинизм боюнча курама команданын мүчөлөрү Андрей Ерохин жана Асель Байбагышева бар. Команданы өлкөнүн көрүнүктүү жана күчтүү альпинисттеринин бири, эл аралык класстагы спорт чебери Сергей Селиверстов жетектейт.

Долбоор «Манас» эпосуна жана Эл аралык тоолор жылы болгон 2022-жылына арналган. «Манас» эпосу - чыныгы кыргыздын коду. Элибиздин, өлкөбүздүн идентификациялык коду. Манаслуну жөн жерден тандаган жокпуз. Санскрит тилинен анын аталышы «улуу рух тоосу» деп которулат, чокунун жанында Манас көлү жайгашкан. Саякбай Каралаевдин вариантындагы эпостун үч килограммдык томун бийик чокуга чыгаралы деп пландап жатабыз. Экспедициянын ар бир мүчөсү китепти кезектешип көтөрүп чыгат».

– Эдуард Кубатов, Альпинизм жана Аскага чыгуу Федерациясынын президенти
Команда Манаслу чокусунда!
«Кыргызстандын алгачкы командасы тоо чокусуна 01.10.2022-ж. таңкы саат 8.00дө чыкты. Экспедициянын бардык мүчөлөрүн жана чакырылган шерптерди куттуктайбыз», – деп Seven Summit Treks Instagram баракчасында билдирген.

Алты катышуучу тең 8 163 метр бийиктикке чыгып, алардын үчөө кислород колдоосу жок көтөрүлүшкөн. Тоонун башына Кыргызстандын желеги көтөрүлгөн. Мындан башка катышуучулар «Манас» эпосунун үч килограммдык томун бийик чокуга алып чыккан.
Президент Манаслу долбоорунун командасы менен жолукту

Садыр Жапаров альпинизм боюнча улуттук курамасына Кыргызстанды жетишкендиктери менен даңазалап, Мамлекеттик тууну ушундай бийик тоо чокуларына көтөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Команда Манаслу чокусун багындырууну көздөгөн 80 өлкөнүн 404 альпинистинин ичинен 60ка жакыны гана чокуга жеткенин айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда альпинисттер Садыр Жапаровго Манаслу чокусуна көтөрүлгөн Кыргызстандын желегин тапшырышты. Дагы бир желекти команда Баткен облусунун эң алыскы чек ара заставасына берип жиберди.
Видео

Все фотографии и видеоматериалы принадлежат их авторам и были предоставлены сайту mountaineeringkg.com только в демонстрационных целях. Не используйте их в коммерческих проектах.


Любую информацию на сайте, кроме фотографий, можно использовать со ссылкой на сайт.

Made on
Tilda